VIII. O‘ZBEK TILI VA DIPLOMATIYA: XALQARO MUNOSABATLARDA TILNING O‘RNI КЫРГЫЗ, ӨЗБЕК ТИЛДЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН АДАБИЙ- МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАРДАГЫ РОЛУ
10.52773/tsuull.conf.2026.10.16/GXVJ5823
Keywords:
кыргыз тили, өзбек тили, маданий-адабий байланыштар, агглютинативдик тилдер, салыштырма адабият таануу, Касым Тыныстанов, Абдурауф Фитрат, Жоомарт Бөкөнбаев, Хамид Олимжон, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов, адабий котормо, мамлекеттик тилAbstract
Макалада кыргыз жана өзбек элдеринин байыркы
доорлордон тартып бүгүнкү күнгө чейинки лингвистикалык, маданий жана
адабий байланыштарынын тарыхый ролу изилдөөгө алынды. Илимий
эмгекте алтай тилдер үй-бүлөсүнүн түрк тобуна кирген кыргыз жана
өзбек тилдеринин агглютинативдик түзүлүшү, лексикалык жана
грамматикалык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле сингармонизм мыйзамына
байланыштуу айырмачылыктары жадыбалдар аркылуу терең талдоого
алынган. Фольклордук деңгээлдеги жалпылыктар (макал-лакаптар, каада-
салт ырлары, эки элдин рухий тамырлашуусунун далили катары каралат.
Макаланын өзгөчө илимий баалуулугу - ХХ кылымдын башындагы жана
ортосундагы профессионал жазма адабияттын залкарларынын өмүрү
менен чыгармачылыгындагы параллелдерди алгачкы жолу системалуу ачып
бергендигинде турат. Тактап айтканда, кыргыз жана өзбек тил илиминин,
агартуучулук кыймылынын негиздөөчүлөрү Касым Тыныстанов менен
Абдурауф Фитраттын тагдырлаш жолу, репрессия курмандыгы катары
1938-жылы атылышы; ошондой эле чыгармачылыгы гүлдөп турган
убакта, 34-35 жашында көзү өткөн Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов
жана Хамид Олимжондун өмүрлүк, адабий окшоштуктары
салыштырмалуу адабият таануу методологиясынын негизинде изилденген.
Макалада М. Элебаевдин «Узак жол» романы менен Айбектин «Бала чак»
повестинин доорду чагылдыруудагы үндөштүгү, Алишер Навои, Гафур
Гулям, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларынын котормо өзгөчөлүктөрү
жана Чыңгыз Айтматовдун өзбек адабий чөйрөсүндөгү орду, анын
өзбекстандык
котормочулары менен досторужөнүндө сөз
болот.Корутунду бөлүгүндө эки тилдин 1989-жылы бир убакта
мамлекеттик макам алышы, быйылкы 37 жылдыгы жана бүгүнкү күндө
Борбордук Азиядагы элдик дипломатиянын жандуу куралы катары кызмат
кылышы тарыхый-социалдык өңүттө негизделген.